Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордун башкы дарыгери Бурул Алмазбекованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, ымыркайлардын абалы орто. Төртөө тең жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калыш үчүн болушунча аракет кылып жатышат. Ымыркайлардын энеси Нурайымдын абалы жакшы.
25-февралда таңга жуук Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө 28 жаштагы эне төрт эм: бир кыз, үч уул бала төрөгөн. Эркек баланын салмагы 1 килограмм 700 грамм, бир кызы 1 килограмм 470 грамм жана калган эки кызынын салмагы 1 килограмм 400 грамм болуп төрөлгөн. (BCh/ZKo)