Дастан Шаршеев кикбокстун К-1 версиясы боюнча профессионал мушкерлер арасында өткөн беттеште чемпион атыкты.
Ал орусиялык атаандашы Алексей Додоновду экинчи раундда нокаут менен утту. “Мыктылардын мелдешин” жаңы түзүлгөн кыргызстандык "К-1 Max Pro" промоутердик компания уюштурган. Анын алкагында 10 беттеш өтүп, Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядан спортчулар катышты.
Мелдеш Кожомкул атындагы спорт ордосуңда 25-февралда өттү.
Дастан Шаршеев буга чейин эрежесиз эр уруштун ММА версиясы боюнча мелдештерге катышып келген. Уюштуруучулардын айтымында, бул Дастан Шаршеевдин кикбокстун профессионалдар арасындагы алгачкы беттеши. (GT)