Бишкекте мектеп окуучулары үчүн “Жашоо сабагы” инновациялык программасынын бет ачары өтөт.
Программаны турмуштук тажрыйбадан топтогон жашоо сабактарын, салттуу билимдерин жана элдик акылдарды жаш муундарга ачып берүү жана жеткирүүнү көздөгөн “Бакдөөлөт” коомдук фонду иштеп чыккан.
Программа мамлекеттин билим берүү тармагына микро-модель катары сунушталууда. Фонддун жетекчиси Мелис Мураталиев бул программаны тарбиялык сааттын алкагында өткөрүүнү сунуштап жатат. (КЕ)