Жогорку Кеңештин тармактык комитети “Кыргызалтын” ишканасынын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана келечектеги пландарын талкуулайт.
Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Анда “Кыргызалтындын” башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков баяндама жасайт.
30-январдагы тоо-кен өнөр жайына, андагы абалга арналган Коопсуздук кеңешинин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Кыргызалтындын” негизинде мамлекеттик тоо-кен компаниясын түзүү зарыл экенин айткан.
Азыркы ишкана илең-салаң иштеген мамлекеттик компанияга айланганын белгилеген. (КЕ)