23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Бишкектин "Ак-Кула" ат майданында көкбөрү оюну өтүп жатат.
Оюнду өкмөттүн курама командасы менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен да түзүлгөн команда ачты. Беттеш 6:5 эсебинде өкмөттүн жеңиши менен аяктады.
Ал эми ЖК депутаттары менен журналисттер ортосундагы мелдеш 1:0 эсебинде эл өкүлдөрүнүн пайдасына чечилди.
Улакты тайказанга депутат Курманкул Зулушев таштады. Учурда журналисттер менен спорт агенттигинен куралган командалар үчүнчү орун үчүн күрөшүп жатат. Андан кийин ЖК депуттары менен өкмөттүн финалдык беттеши болот.
Мелдешти өткөрүү демилгесин депутат Канатбек Исаев көтөрүп, агенттик менен Көкбөрү федерациясы уюштурган. (КЕ/AiA)