Жаштар арасында аскердик кызматтын кадыр-баркы өсүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Мекен коргоочуларынын күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда айтылат. Мамлекет башчы Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ыйык парзы экенин белгилеген.
“Өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган каармандарыбызды урматтайбыз. Мекенди коргоочуларга — өсүп келе жаткан жаштарыбызга зор үмүт артабыз. Аскер кызматы дайыма мамлекеттин тиреги жана ата-бабаларыбыздын мыкты салттарын улап кетүүнүн жакшы көрүнүшү болуп келген. Жыл өткөн сайын өлкөбүздүн жаштары арасында аскердик кызматтын кадыр-баркы өсүп жатканы жакшы саамалык.”, - деген Жээнбеков.
23-февраль - Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген.
Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган.
2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган. (КЕ)