Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) алты жылдан бери үч баласы менен террорчулардын катарында жашап жүргөн Холбиби Кучирова аттуу аялды Түркиядан алып келди. Бул тууралуу УзА маалымат агенттиги кабарлады.
Холбиби Кучированын айтымында, ал 2013-жылы үй-бүлөсү менен Стамбулга барып, ал жерден күйөөсү «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарына кошулуп кеткен.
"Балдарым менен Стамбулда ижарага батир алып жашап жүрдүм. Алардын эч кандай документи жок болчу. Өзбекстанга келгим келген, бирок мүмкүнчүлүк болбоду. Президентке ыраазымын, азыр өз үйүмдө жашап жатам", - деди Кучирова.
Маалыматка караганда, 2013-жылы анын күйөөсү Ильхом Тураев агасынын чакыруусу менен жубайын жана балдарын алып Түркияга барган. Ал жактан «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарына кошулуп кеткен.
Учурда ал Сурхандарья облусундагы жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөп, жергиликтүү кыш заводунда иштеп жүрөт.