Ош-Ташкент-Ош багытында авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгү карала баштады. Бул маселе Ташкент шаарында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовдун Өзбекстандын Учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Толиб Улжаев менен жолугушуусунда талкууланды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, аба каттамдары боюнча азыркы абал жана келечек тууралуу кеңири сөз болду. Өзбекстандык туристтердин Ысык-Көл жээгинде эс алуусун уюштуруу жигердүү жүрүп жатканы белгиленди.
Кыргыз тарап Ташкент-Тамчы каттамындагы чартердик учууларды кайрадан баштоо сунушун айтты. (RK)