2018-жылы Орусияга иштегени жөнөгөн тажикстандыктар андан мурдагы жылга салыштырмалуу 1% азайды. Бул тууралуу Тажикстандын эмгек, миграция жана жумуштуулук министри Эмин Сангинзода билдирди. Ал эми акыркы беш жылда жумуш издеп чет өлкөгө жөнөгөндөр 39,5% азайган.
- 2018-жылы миграциялык карточканын негизинде 484 миң 176 эмгек мигранты чет өлкөгө чыккан. Алардын 86,7% эркектер, - деди министр.
Четке жөнөгөндөрдүн дээрлик баары Орусияга барышкан. Орус бийлигинин маалыматына караганда, азыр анын аймагында 15 млн. мигрант жашайт. Алардын 4 миллиондон ашууну Өзбекстандын, 2 миллиону Тажикстандын, 1,8 миллиону Украинанын, 1,5 миллиону Кытайдын жарандары.
Орусиянын Ички иштер министрлигинин эсебинде кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны 900 миңдин тегерегинде. Мындан тышкары, Армения, Азербайжан жана Молдованын жарандары басымдуулук кылат.