Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты, юрист Нурбек Токтакунов өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасын убактылуу деактивация кылды. Учурда анын баракчасы башкаларга жабылды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” комментарий берген учурда Токтакунов өзү анын кардарынын иши Башкы прокуратурада жана сотто турган шартта социалдык тармактарда тыныгуу алып турууну чечкенин билдирди. Ал “Фейсбукка” кийинчерээк кайтарын кошумчалады.
Баракчасын убактылуу жабарда ал өзүнө жазылган адамдардан азыркы президенттин дарегине карата эмоционалдуу билдирүүлөрдү калтырганы үчүн кечирим сурады. Адвокат мындай нерсе кайталанбай турганын белгиледи. “Мен ойлонуп көрүп, мындай тонго өтүү – бул алсыздыктын жана багынып берүүнүн белгиси экенин түшүндүм”, - деп жазды ал.
Мындан сырткары ал мамлекет башчысын өзүн сотко берүүсүн сунуш кылды.
Нурбек Токтакунов Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ), Мамлекеттик тарых музейи жана башка маселелерге байланыштуу кылмыш иштеринде мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду коргоп келет. Буга оро-пара өз булактарына таянуу менен ал президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылкы шайлоодогу штабынын “көмүскө кассасы” тууралуу маалыматтарды жарыялаган. Акыркы убакта президенттин иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду ЖЭБ боюнча жоопко тартыш керек экенин айтып чыккан. (ErN)