Германиядагы "колбаса мейманканасынын" дубал кагазында, шыпта, жаздыктарда да колбасанын сүрөттөрү тартылган. Албетте мындай көрүнүш эт жебеген вегетариандар үчүн тозок болор, бирок бул ата-бабаларынан бери эт менен иштеп келаткан Клаус Бебелдин азыркы инновациялык табылгаларды колдонуп, ишке ашырган кыялы болду. Ал муну менен Бавариянын бир кыштагындагы чакан эт дүкөнүн да сактап калды.