2018-жылы Кыргызстандын аймагындагы 409 акыр-чикир чогултуучу жай аныкталып, анын 299уна уруксат берилбегени такталды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги кабарлады.
Мекеменин аймактардагы кызматкерлери атайын инвентаризациялоо учурунда болгону 107 жер гана таштанды жыйноочу жай катары катталганын аныкташкан. Калгандарына тургундар өз алдынча эски-уску буюмдарын ыргытып, таштанды үймөгүнө айлантып жиберишкен.
Бишкек шаарында туш-келди таштанды ыргыткандарга жылына 2 миллион сомдой айыппул салынат. Бул көрсөткүч башка аймактарда канча экени белгисиз. (ErN)