Руслан Жарматовду бир көргөн киши спортчу экенин жазбай тааныса керек. Бука моюн, буура сан жигит пауэрлифтинг боюнча Орто Азия чемпиону жана спорт чебери. Бодибилдингден КРнын чемпиону. Ошондой эле борбордогу фитнес залдардын биринде машыктыруучулукту аркалайт.