Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 107 миллиард 551 миң сом, ал эми чыгашасы 107 миллиард 648 миллион сомду түздү. Ал эми тартыштык 76 миллион сомго чыкты. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджетке Бажы кызматы 30 миллиард 840 миллион сом которсо, салыктан 54 миллиард 368 миллион сомдон ашык акча түшкөн.
Кыргызстандын 2018-жылкы бюджетинин кирешеси 140,8 млрд. сомго жетет деп пландалган. Ал эми чыгаша 161,1 млрд. сом деп каралган. Натыйжада тартыштык 20,3 миллиард сомду түздү.(BkA)