Украинанын бийлиги билдиргендей, жарылуу Киевден 180 чакырымдай алыстыкта, Чернигов облусунун аймагындагы ок-дары кампаларында болду. Түтүнгө ууккан алтымыштан ашуун киши жардам сурап жергиликтүү дарыгерлерге кайрылышкан, аймактан 12 миңдей киши көчүрүлдү. Украинанын Аскер прокуратурасы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.
Украин армиясынын Башкы штабынын башчысынын орун басары Радион Тимошенконун айтымында, жарылуулардын бир нече ыктымал себеби, анын ичинде диверсия да каралып жатат.
700 гектардай аянтта жайгашкан кампада жарылуулар жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн таңга жуук 3:30да болгон.
30 чакырым радиустагы аба мейкиндиги жабылып, темир жана унаа жолдор тосулду.
Былтыр март айында да Харьков шаарынын жанындагы ок-дары кампасындагы жарылуу менен өрттөн кийин 20 миңдей киши эвакуацияланган. 2017-жылдын сентябрында Виннитца деген шаарда аскерий кампа жарылып, 30 миңдей киши көчүрүлгөн. Бул окуялар Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчилдердин атышуулары уланып жаткан учурга туш келди.
Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазында тутанган куралдуу жаңжалдан бери 10 300 адамдын өмүрү кыйылды. (UE)