“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Эхо Кавказа” кызматы кабарлагандай, Грузиянын парламентинде бүгүн “Кара куурайды көзөмөлдөө жөнүндө” мыйзамдын долбоору Саламаттык сактоо боюнча комитеттин өтүнүчүнө ылайык эки айга кийинкиге калтырылды.
Грузиянын өкмөтү сунуш кылган мыйзам долбоору Грузияда экспорттук максатта кара куурай айдап, аны өстүрүүгө жол ачат.
Бул үчүн мыйзамдар топтомуна да алымча-кошумча киргизилип, кара куурайды же марихуананы мерчемделген чектен ашыкча колдонгондор үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилиги күчөтүлүлмөкчү. (UE)