Ушул жуманын аягында Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Синоптиктер бүгүн буга байланыштуу шашылыш билдирүү таратышты.
Анда 7-октябрда күндүн экинчи жарымында Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаай турганы айтылат.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөйт.
Мындай аба ырайы автоунаалардын каттамын, энергетика жана коммуналдык чарба кызматтарынын ишин, жайлоодо мал багууну кыйынчылыкка учуратат.
9-10-октябрда түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү түшүмү жыйнала элек жашылча-жемиштер үчүн коркунучтуу.