Кытайдагы туугандары «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып турган казакстандыктардын тобу Германиянын Алматыдагы консулдугунун алдына чогулуп, Ангела Меркелге жолдонгон кайрылуусун беришти. Анда алар немис лидеринен туугандарын «туткундан» бошотууга жардам берүүнү өтүнгөн.
Германия консулдугунун алдына чогулган ондогон адам колдоруна Кытайда репрессияга туш болуп, «кайра тарбиялоо лагерлеринде» камалып турган туугандарынын сүрөттөрүн кармап алышкан.
Сентябрдын аягында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдук районунан көчүп келип казак жарандыгын алган ондогон адам Алматыдагы мейманканалардын биринде маалымат жыйынын өткөрүшкөн.
Алар Кытайда кармалган туугандарын бошотууга жардам берүү өтүнүчү менен Батыш өлкөлөрүнүн элчиликтерине жана эл аралык уюмдарга кайрылган. Мындан тышкары алар кайрылууну Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине дагы жолдошкон.
Бул Кытайдагы туугандары жоголуп, «саясий жаткан кайра тарбиялоо» жайларында кармалып турушу мүмкүндүгүн билдирип чыккан адамдардын алгачкы тобу эмес. Шинжаңда этникалык азчылык өкүлдөрү жапырт кармалып, «кайра тарбиялоо» лагерлерине жеткирилип жатканы жөнүндө эл аралык укук коргоо уюмдары менен дүйнөлүк ЖМКлар дагы билдиришкен. Кытайдагы казактар кысымга алынып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр былтыр апрелден тарта айтыла баштаган.
Расмий Бээжин бул айыптоолорду четке кагып, Шинжаңдагы «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерин» адамдар билим алып, деңгээлин жогорулата турган борборлор деп атап келет.