Европа Биримдигинин шаркетти кеңейтүү боюнча комиссары Македонияга барып, Балкандагы чакан өлкөнү кийинки жылы мүчөлүккө кабыл алууга даярдыкты баштады.
17-июлда Йоханнес Хан Македонияны Греция менен он жылдап созулган чырга чекит койгон келишимге жетишкени менен куттуктады. Ал ошондой эле македониялыктарды күзүндө өтчү референдумда өлкөнүн аталышын Түндүк Македония деп өзгөртүүнү колдоого үндөдү.
“Бул аймактагы башка өлкөлөргө да жакшы коңшулук алаканы өркүндөтүүгө өрнөк болот жана Европада тынчтык жана туруктуулукту орнотууга бараандуу салым кошот”, - деди Хан.
Македония Греция менен келишимге кол койгондон кийин Евробиримдик мүчөлүккө кабыл алуу процессин баштады. Шаркеттин мүчөлөрү өткөн айда Албания жана Македония реформаларды ишке ашырса эмки жылы мүчөлүккө кабыл алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого макулдашкан. Македония ага чейин мыйзам чыгаруу системасы, коррупцияга каршы күрөш, эркин маалымат каражаттарын өнүктүрүү боюнча реформаларды ишке ашырышы абзел.
Хан ошондой эле коңшу Албанияга да барып, сот системасындагы “алгачкы реформаларды кубаттап” жана “коррупцияга каршы күрөштө алгылыктуу жыйынтыктарга” жетишүүгө шык берди. Эки өлкөдө тең Евробиримдиктин өкүлү “2019-жылдын июнунда мүчөлүккө кабыл алууга даярдыктын” кадамдарын түшүндүрдү.
Ушул айдын башында НАТО Македонияны мүчөлүккө кабыл алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган.