Бишкектин Октябрь райондук соту паракорлукка шектүү Башкы прокуратуранын үч кызмат адамына жана Чүй облустук милициясынын эки ыкчам кызматкерине карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу маалымат ушул мекемеден алынды.
Маалыматка ылайык, Чүй облустук милициясынын 5-башкармалыгынын кызматкери С.К.Ч., ушул эле мекеменин улук ыкчам кызматкери К.Д.Т., Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгынын башчысы И.А.Б. жана дагы эки прокурор пара талап кылуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Тергөөдө алар кылмышка шектүүлөрдөн 80 миң доллар пара талап кылганы аныкталган. Сот милициянын эки ыкчам кызматкерин жана Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысын үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен 13 жылга, эки прокурорду 7 жылга эркинен ажыратты. (UEz)