Бүгүн өкмөт башчылык кызматтан алынган Сапар Исаков президент Сооронбай Жээнбеков эми өлкөдөгү мындан аркы боло тургандын баарына жеке өзү жооптуу деп эсептейт. Бул тууралуу ал ушу тапта “Апрель” телеканалынын түз эфиринде кабарчылардын суроосуна жооп берип жатып айтты:
- Конституция боюнча ишенбестик көрсөтүлгөндөн кийин президент парламенттин сунушун же колдойт, же четке кагат. Сооронбай Шарипович депутаттарды колдоду. Менимче, эми президент өлкөдөгү бүт жоопкерчиликти өзүнө алды. Мындан ары боло тургандын баарына президент жооп берет. Балким бул жакшыдыр. Убакыт көрсөтөт.
Бүгүн парламент көпчүлүк добуш менен Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишенбестик көрсөтүп, андан соң президент Сооронбай Жээнбеков аларды кызматтан кетирүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду.
Ишенбестик көрсөтүүнү парламенттеги оппозициялык азчылык – “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Республика Ата-Журт” фракциялары сунуштаган болчу.
Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке учурда президенттик аппаратты жетектеп турган Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин колдоду. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. (RK)