Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана америкалык изилдөөчү Жефф Лили жазган жаңы китепке арналган жыйындар ушул жумада Вашингтондо Ачык коом институту, "Эркин Европа/Азаттык" радиосу тарабынан уюштурулду. Иш-чаралардын акыркысы 18-апрелде АКШ Конгрессинин китепканасында өттү.