АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Тайландда, Сингапурда, Монголияда же Европа өлкөлөрүнүн биринде жолугушу ыктымал. Бул тууралуу "Bloomberg" агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирүүдө.
Дональд Трамп буга чейин Ким Чен Ын менен июндун башына белгиленген жолугушуу үчүн беш шаарды караштырып жатканын айткан. Лидерлер Түндүк Кореядагы өзөктүк куралды жоюу маселелерин талкуулоого ниеттенүүдө.
"Bloomberg" булагынын маалыматында, жолугуу өтүшү ыктымал деп эсептелген шаарлар Прага, Варшава, Хельсинки, Стокгольм, Осло же Женева.
Мындан тышкары Трамптын администрациясы кездешүү Улан-Батор, Бангкок же Сингапурда болуп калышын да четке какпайт.
"Bloomberg" сүйлөшүү эки Кореяда жана Кытайда болбосу анык экенин жазды.
Америкалык президенттер Түндүк Кореянын азыркы лидери менен буга чейин жолуккан эмес.