Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында автоунаалардын жарышын өткөргөн эки айдоочуга үч миң сомдон айыппул салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ысык-Көл облустук бөлүмү кабарлады. Алардын автоунаасы да штрафтык автотурукка токтотулду.
Буга чейин Кара-Ой айылынын тургундары “Субару” жана “БМВ” үлгүлөрүндөгү жеңил унаалардын айдоочулары жарыш уюштуруп, жарандарга коркунуч келтиргенин билдиришкен болчу. Алар айдоочуларга карата чара көрүүнү өтүнүшкөн. (ErN)