“Прецедент” юридикалык компаниясынын негиздөөчүсү Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага экс-президенттердин кол тийбестик укугун алууну талап кылган арыз берди. Бул тууралуу Токтакунов өзү “Азаттык” радиосуна билдирди.
Юрист соттон “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамындагы экс-президенттин кол тийбестик иммунитети Баш мыйзамга каршы келет деп таануусун талап кылат. Анын пикиринде, мыйзамга ылайык экс-президент мамлекетти башкарып турган учурда жасаган иштерине да, президенттиктен кеткенден кийин өмүрү өткөнчө жасаган иштерине да жооп бербейт деп каралып калганы туура эмес.
Токтакуновдун айтымында, кол тийбестик саясий куугунтуктар үчүн гана укуктук иммунитет болушу керектигин, бирок ал кайсы бир кылмыштарды жасоого коргоочу (индульгения) милдетти аткарбашы керектигин белгилейт.
Нурбек Токтакунов экс-президенттердин кол тийбестик укугун алуу маселеси мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин соңку мезгилде саясий күрөшкө кайра чыга баштаганы үчүн актуалдуу болуп жатканын айтууда.
“Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Ага мурдагы президенттер Курманбек Бакиевдин жана Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир катар өзгөртүүлөр киргизилген.
Мыйзамга ылайык, "Президенттин экс-президенттерде бир катар жеңилдиктерден сырткары кол тийбестик укугу бар. Башкача айтканда алар президент болуп иштеп турган учурда жана иштен кеткенден кийин жасаган аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Мындай укуктарга экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев ээ. Ал эми Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдер кылмыш жоопкерчилигине байланыштуу берилген эмес. (ErN)