АКШ президенти Дональд Трамп андан башка эч ким Орусияга "ушунчалык катаал мамиле кылбаганын", эгер зарыл болсо Москвага карата жаңы санкцияларды киргизерин айтты.
Бул тууралуу ал шаршемби күнү журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Кошмо Штаттардын президенти НАТОнун Орусиянын союздашы болгон Сириядагы чыгымдары көбөйүп жатканын белгиледи жана билдирүүсүн БУУда Орусияга жаңы экономикалык санкцияларды киргизүү сунушу четке кагылгандан кийин жарыялады.