Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк Китеп күнүнө арналган «Окуган бала – гүлдөгөн Кыргызстан!» жумалыгы башталууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.
Зоотбекованын айтымында, 21-27 апрелде өтө турган иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналат:
- Максат – билимге, руханий байлыкка жана маданиятка жол ачуучу китепти окууга балдардын жана чоңдордун кызыгуусун арттыруу. Бул багытта ата-энелердин маанилүү ордун көрсөтүү жана патриоттуулук, адам өмүрүнүн баалуулугу, табият менен адам баласынын биримдиги идеяларын илгерилетүү жана Айтматовдун чыгармаларына көңүл буруу. Мындан тышкары, «Китеп искусствосу» улуттук сынагынын жети номинация боюнча сыйлыктар тапшырылат.
Жумалыкты Маданият, маалымат жана туризм, Билим жана илим министрликтери Мамлекеттик китеп палатасы, ЮНИСЕФ, USAID уюмдары жана АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен бирге уюштурууда. (RK)