“Кыргызгидромет” ишканасы ушул күндөрү өлкөнүн тоолуу жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар экенин эскертти. Дарыяларда суу кирип, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал.
13-апрелде жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10, Чүй өрөөнүндө 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23,
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,
Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз 12...17,
Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 12...17,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-16, күндүз 0...5.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7, күндүзгү жогорку температурасы 21…23 градус жылуу болот.