Европадан Борбордук Азия өлкөлөрүнө маңзат ташыган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.
Уюшкан топ “Альфа-ПВП” өтө катуу таасир этүүчү синтетикалык заттын ири өлчөмүн Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында таратып жаткан жеринен колго түшкөн.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, мыйзамсыз өндүрүү же берүү") беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
Маалым болгондой, өтө катуу таасир этүүчү “Альфа-ПВП” синтетикалык заты түштүк-чыгыш Азиядагы лабораторияларда өндүрүлүп, Европа аркылуу дүйнөгө тарайт. Синтездик жол менен даярдалган затты колдонгон адам адаттан тыш агрессияга тушугат. (ErN)