Президент Садыр Жапаров ипотекалык насыялоо боюнча “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын шарттарын өзгөрткөнүн жарыялады.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында мугалимдерге каршы укук бузууларга айып пулдун көлөмүн көбөйтүү демилгесин көтөрдү. Депутат Мирлан Самыйкожо Укук бузуулар жөнүндө кодекс боюнча мугалимдин кадыр-баркына шек келтиргендерге 1000 сом айып пул салынарын айтып, анын суммасын көтөрүү керек экенин билдирди. “Эртең дагы бири келип мугалимдин чачын жулуп кетет. Бул токтобойт. Окуучулар шылдың кылат. Ошондуктан өкмөт мыйзам долбоорун алып келсинчи”, - деди ал. Ушундай... Читать дальше...
Башкы прокуратура №31 тергөө абагында жаткан ишкер Имамидин Ташовдун кыйноого кабылганы тууралуу арызы Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, бул фактыга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) коопсуздук кызматы да кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун апасы Саибжамал Абдукаимова... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 120-125 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирди. Атайын кызматтын төрагасы бул тууралуу 20-ноябрда журналисттерге айтып, башта 120-125 млрд доллар алынганын кабарлаган. УКМКнын басма сөз кызматы кийин сом менен өндүрүлгөнүн тактады. Камчыбек Ташиев ушул жылдын декабрь айында бюджетке кайтарылган каражат кимдерден... Читать дальше...
20-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы менен “Жаңы Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Жаңы күч”, “Адилет” жана “Эмгек” сыяктуу партиялары жеңишке жетти. Бул шайлоодо Социал-демократтар партиясы Бишкектеги жарыштан четтеши, анын лидери Темирлан Султанбеков камалды. Жергиликтүү кеңештин деңгээлиндеги саясий сахнага буга чейин активдүү болбогон айрым партиялар келишти. Ошол эле учурда мурдагыдай добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу сыяктуу көрүнүштөр дээрлик жок болгону да белгиленди. Читать дальше...
Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Иран өлүм жазасын айрыкча азчылыкты түзгөн улут өкүлдөрүнө, диссидент жарандарына жана чет өлкөлүктөргө каршы колдонулуучу "коркутуу каражаты" катары пайдаланып жатканын 20-ноябрда билдирди. Соңку кезде ошондой адамдарды өлүм жазасына тарткан окуялар көбөйгөнүнө көңүл бурган уюм өкүмдөр мыйзамды одоно бузуу менен кабыл алынып жатканын белгиледи. Iran Human Rights Group тобунун маалыматына караганда, быйыл жыл башынан берки он айда эле Иранда 651 киши... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 20-ноябрда чукул маалымат жыйынын уюштуруп, өзүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна "коркунуч келтирерин билдирген" кат алганын маалымдады. Ал журналисттерди кагаз конвертти көрсөтүп, анын ичинде кат жазылган флешка болгонун айтты. Катта белгисиз бирөө анын өзүн жана үй-бүлөсүн өлтүрүү үчүн атайын жалданган баш кесер экенин, ал олигархтардан жана кримтөбөлдөрдөн бул тапшырманы аткаруу үчүн өтө көп каражат алганын, демек... Читать дальше...
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын атына жамынып "пара алган элчи" камакка алынарын билдирди. Бул тууралуу Ташиев айрым медиа каражаттарынын журналисттери үчүн уюштурган маалымат жыйында айтты. "Бир чоң саясатчы, кечээ эле бир чоң мамлекетте элчи болгон адам менин атымды сатып, 250 миң доллар пара алып койгон экен. Мен бүгүн эртең менен аны камоого тапшырма бердим. Анын үстүнөн арыз, акчаны кантип алганын көрсөткөн материалдар, сүрөттөр келип түштү. Андыктан аны камакка алабыз. Ал бир кезде менин партиямда, мени менен жүрчү. Читать дальше...
Кыргыз авиация агенттиги Бишкектеги “Манас” аэропортунун IATA кодун алмаштыруу аракети жүрүп жатканын билдирди.