Мамлекет башчы Садыр Жапаров бул күндөрү Ош облусунда иш сапарда жүрөт. Ал бир топ жерди кыдырарын басма сөз кызматы билдирди. Оштогу жолугушууда эл мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевдин тушунда мүлк укугу тебеленгенин айтты. Жапаров экс-мэрдин кемчилиги үчүн өзү да жоопкерчилик сезерин билдирди.