Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Азия чемпионаты: Жуманазарова алтын, Медет кызы күмүш байге алды

Бүгүн, 9-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова алтын медал тагынды. Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта финалда жапониялык Мива Морикаваны 2:1 эсебинде жеңип, мындай сыймыкка татыды.

Ал бул чемпионатта чейрек финалда вьетнамдык Тхи Линг Дангды (11:1), жарым финалда кытайлык Зелу Лини утуп, финалга чыккан.

Бул күнү 76 килограммга чейинки салмакта Айпери Медет кызы финалда монголиялык Даваанасан Энкх Амарга жеңилип(2:4), күмүш байге алды. Финалдык беттеш бүтөрүнө 11 секунд калганга чейин Медет кызы алдыда келе жаткан. Монгол балбан кызы акыркы чечүүчү ыкма жасоого үлгүрүп, эки упай алып, жеңишти илип кетти.

Финалга чейин Медет кызы 8-апрелде үч беттеш өткөргөн. Алгач чейрек финалда кытайлык Венжи Лини (6:6), жарым финалда Кытай Тайбэйинин өкүлү Хью Цы Чангды (11:1) жеңип алган эле.

Ушуну менен Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону болду. Ал буга чейин 2021-жылдагы чемпионатта алтын медалга ээ болгон. Ал ошондой эле Азия чемпионатынын бир жолку күмүш (2022-ж.), эки жолку коло байгесинин ээси (2018-ж., 2019-ж.) 2021-жылдагы Дүйнө чемпиону. Жайкы Олимп Оюндарынын күмүш (Париж-2024) жана коло (Токио-2021) байгелеринин ээси. Жаштар арасында Азиянын үч жолку чемпиону. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону. Кадеттер (2016-ж.) жана жаштар арасында (2017-ж.) Дүйнө чемпионатынын коло байгелерин алган. Бир нече эл аралык рейтингдик мелдештердин жеңүүчүсү.

Айпери Медет кызы ушуну менен 7-жолу Азия чемпионатынын финалында күрөштү. Ал буга чейин үч жолу Азия чемпиону болсо (2022-ж., 2024-ж., 2025-ж.), үч жолу күмүш медал тагынган (2020-ж., 2021-ж., 2023-ж.).

Ошондой эле ал Дүйнө чемпионатынын эки жолку күмүш (2023-ж., 2025-ж.) жана бир жолку коло байгесинин ээси (2021-ж.). Азия оюндарынын алтын (2023-ж.) жана коло (2018-ж.) байгелерин уткан. Жайкы Олимп оюндарында эки жолу 5-орунду ээлеген. Жаштар, 23 жашка чейинкилер арасында Азия жана Дүйнө чемпиону жана бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон.

Кадеттер арасында Азия чемпиону, Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2016-ж.).

Бишкекте 6-апрелде башталган Азия чемпионаты 12-апрелге чейин уланат. Ага 350гө жакын балбан катышып, жалпысынан 30 комплект медал ойнотулууда. 10-апрелде эркин күрөштөн мелдештер башталат.

Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча болгон таймаштарда Кыргызстандын улуттук курама командасы төрт алтын байге алып, 153 упай менен командалык эсепте 2-орунду ээледи. Алтын байгелерге Автандил Таалайбек уулу (63 кг чейин), Акжол Махмудов (77 кг чейин), Асан Жанышов (87 кг чейин) жана Раззак Бейшекеев 67 кг чейин) ээ болду.

Ирандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы эки алтын, беш күмүш, үч коло байге менен 195 упай топтоп, 1-орунду ээледи. 3-орунду Өзбекстан курамасы ээледи. Өзбек балбандары эки алтын, бир күмүш, эки коло байге алышкан. (ECh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus