Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстан энергетика тармагын жакшыртууга 67,7 млн евро насыя алат

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга багытталган долбоор үчүн 67,7 млн евро бөлөт. Жогорку Кеңеш 9-апрелде “Кемин” подстанциясы менен жаңы “Балыкчы” подстанциясынын ортосунда 500 кВ электр линиясын курууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Кредиттик жана гранттык макулдашууга “Кыргызстан улуттук электр тармагы” менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы былтыр декабрда кол койгон.

Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбековдун белгилешинче, насыянын жалпы мөөнөтү 20 жыл деп чектелген. Анын 5 жылы жеңилдетилген мезгил катары каралып, пайыздык чени 1% болот. Каражаттын 61,7 миллиону насыя, 3 миллиону грант, 3 миллиону техникалык жардам түрүндө берилет.
Министрдин орун басары долбоор ишке ашса электр менен камсыздоо ишмердүүлүгү жогорулап, авариялык тобокелчиликтер азаярын, жаңыланып туруучу энергия булактарына өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөрүн, жаңы жумуш орундары пайда болорун билдирди.

6-апрелде бул маселе тийиштүү комитетте каралган. Жогорку кеңештин депутаты Гуля Кожокулова мурда кол коюлган эл аралык келишимдердин аткарылышын текшерүүнү, бул үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылган.

Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева консультациялык кызматтарга кеткен чыгымды макулдашуунун алкагында каралган гранттык каражат эсебинен жабуу мүмкүнчүлүгүн кароого чакырган.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев былтыр 16-сентябрда Кыргызстандын энергетика тармагы эки жылдын ичинде кризистен чыгарын билдирген.

2025-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз топтолуп, ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Бул чектөө 1-апрелден бери токтотулду.(КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus