Анталияда үч ай дайынсыз жоголгон кыргыз аялдын сөөгү токойдон табылган. Ал эми Стамбулда бир нече аялдын сөөгү таштанды челектен чыккан. Түркияда иштеп жүргөн мигрант аялдарды ким коргойт? Көмүскө сектордо иштеп, үнү угулбаган мигрант аялдар. “Азаттык” Түркиядагы борборазиялык аялдар туш болгон коркунучтарды иликтеп чыкты.