Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Алмамбет Шыкмаматов кызматтан кетери тууралуу айыңдарды четке какты

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов кызматынан кетери жөнүндө коомчулукта тараган сөздөрдү "ушак" деп атады. Ал соцтармактарга, айрым маалымат каражаттарына өзү тууралуу жазылгандарды четке кагып, мындай ушак демейки болуп келген көрүнүш экенин "Азаттыкка" билдирди.

"Мындай ушак-айыңдар маалымат айдыңында көп окулат. Дайыма ушундай болуп келген. Мени кызматтан кетирүүгө ким кызыкдар экени мага белгисиз, кызыкпайм дагы. Болгону бул ушак экенин баса белгилеп айта алам. Эгер жетекчиликтин мындай чечими болсо, мен биринчи болуп билмекмин", - деди Шыкмаматов.

Узап бараткан аптада айрым маалымат каражаттары, сайттар Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси алмашып, Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна Кыдыкбек Кыдыров келери тууралуу жазышкан.

Шыкмаматов болсо башкы прокурорлукка же Боршайком төрагалыгына барары каңкууланган.

Алмамбет Шыкмаматов айтылып жаткан эки кызматка тең барбасын, салык тармагында ишке ашыруучу узак мөөнөттүү көптөгөн пландары бар экенин билдирди.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп Шыкмаматов 2024-жылы 18-декабрда дайындалган. Он күн өтпөй ал ага чейин өкмөт киргизген “электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (ЭТТК) товардын бардык түрүнө эмес, беш гана товарга киргизилиши керек” деп айтып чыккан. Шыкмаматов Кыргызстанда сатылып жаткан товардын саны 13 миңдей экенин белгилеп, "анын баарына ЭТТК алууга мүмкүн эмес" деген. Бул үчүн парламент комитетинде Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен кайым айтышкан.
Бир айга жетпей, 2025-жылы январь айында ЭТТК маселеси жөнөкөйлөтүп чечилген.
2025-жылы июлда Салык кызматы Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылып, түз Министрлер кабинетине караштуу мекеме болуп калган.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus