Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Дональд Трамп Иранга Ормуз кысыгын ачууга 48 саат берди

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга Ормуз кысыгын ачууга 48 саат берип, болбосо электр станцияларынын баары "талкаланарын" эскертти.

Ал бул тууралуу 21-мартта кечинде өзүнүн Truth Social тармагындагы баракчасына жазды.

"Эгер Иран Ормуз кысыгын толугу менен ачпаса ушул маалдан баштап 48 сааттан кийин Америка Кошмо Штаттары эң чоңунан тартып ар кандай электр станцияларга чабуул жасап, баарын талкалайт", - деп жазды Трамп.

Иран өз кезегинде мындай коркутууга жооп кылып Перс булуңундагы АКШ менен байланышы бар энергетикалык инфраструктураларга чабуул коерун эскертти. Бул туурауу жергиликтүү мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлады.

Буга чейин Трамп Иран менен ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган. Ал жума күнү Ак үйдүн жанында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бул согушта Вашингтон артыкчылык кыларын айткан.

Ал ошондой эле Ирандын армиясы, аскердик техникасы жана өлкө лидерлери оор жоготууга учураганын билдирген.

Ага чейин айрым америкалык басылмалар АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча күч жөнөтүп жатканын, бул, өз кезегинде, жөө аскерлер катыша турган согушка даярдык болушу мүмкүндүгүн жазышкан. Трамп мындай вариантты жокко чыгарган.

Иран ушул тушта Ормуз кысыгын дээрлик бөгөттөп койду жана бул, өз кезегинде, нефтинин дүйнөлүк баасынын көтөрүлүшүнө алып келди. Ушул тушта Перс булуңунда бир топ соода кемеси токтоп турат.

28-февралда Израил менен АКШ Иранга каршы биргелешкен соккуларды баштагандан бери болжол менен 1300 адам мерт болгону кабарланган. Алардын арасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи да бар. Натыйжада аймакта кырдаал курчуган.

Иран жооп катары Израилге, Иорданияга, Иракка жана Перс булуңундагы АКШнын аскер объектилери жайгашкан өлкөлөргө дрон жана ракета менен сокку уруп келет.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus