Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстан Орусия менен чектеш аймагындагы бардык мал жандыкты эмдөөдөн өткөрөт

Орусиянын Новосибирск облусу менен чектешкен Казакстандын Павлодар облусунда мал жандыктардын баарын эмдөө башталды. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер-министри Канат Бозумбаев журналисттерге билдирди.

ТАСС агенттиги казак өкмөт өкүлүнө шилтеме кылып Айыл чарба министрлиги керектүү дары-дармектерди чукул сатып алганы жатканын, буга байланыштуу токтом кабыл алынганын жазды.

Новосибирск облусунда ийри мүйүздүү бодо мал арасында пастереллез жана кутурма оорусу жайылып кеткендиктен 16-мартта аймакка өзгөчө абал жарыялаган. Бийлик беш районго карантин киргизип, миңдеген баш мал пастереллезго жана кутурмага күмөн саналып өлтүрүлүп, тарпы өрттөлгөн жана бул коомчулукта нааразылык жараткан.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги 19-мартта Орусиядан эт азыктарын, мал жана текшерилбеген жем-чөп алып келүүгө убактылуу тыюу салган.

Буга чейин кыргыз өкмөт өкүлдөрү Кыргызстандын аймагына Орусия баштаган өлкөлөрдөн тирүү мал кирбегенин билдирген. Эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгы да Кыргызстанда пастереллез катталбаганын жана эпизоотиялык абал туруктуу экенин маалымдаган.

Айрым адистер пастереллез бактериялык ылаң болгондуктан мынчалык коркунуч туудурбасын, орус бийликтери шарпты жашырып жатканын айтышкан. Учурда Казакстанда да малдын ылаңы жайылып, өлкөнүн ветеринарлары аны ринотрахеит деп аташууда.

Малдын ылаңы соңку айларда Кыргызстанда да күч алган. Айрым депутаттар анын белгилери шарптыкына окшош экенин айтып, парламентте бир канча жолу бул маселени көтөрүшкөн. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө шарп катталбаганын, эпизоотиялык абал туруктуу экенин билдирип келет.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus