18-марттын аба ырайы: Ош, Баткен облустарында жаан-чачын жаайт
17-18-март күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
18-мартта түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндуз 6…11
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 13…15° жылуу болот.