Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Эл аралык укук коргоо уюмдары казакстандык 19 активистке тагылган айыпты алууга үндөштү

International Partnership for Human Rights (IPHR) эл аралык уюму жана Казакстандын адам укуктары жана мыйзамдуулук боюнча эл аралык бюросу казак бийлигин "Нагыз Атажурт" кыймылынын 19 мүчөсүнө тагылган айыпты алууга жана аларды бошотууга үндөдү. Билдирүү активисттердин үстүнөн сот жараяны аяктап калган маалда жасалды.

IPHR уюмунун директору Брижит Дюфур башкача ой жүгүрткөндөр куугунтукка кабылганын, “кастыкты жайылтуу” деген так эмес берене кыянат колдонулуп жатканын белгиледи.

Бул иш боюнча сот процесси 19-мартка белгиленген. Айыпталуучулар күнөөлүү деп табылса 10 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Алар "улут аралык кастыкты козутууга" айыпталууда. Активисттер жана адвокаттары айыптарды четке кагууда.

Партиянын 13 мүчөсү былтыр 13-ноябрда казак-кытай чек арасына жакын жердеги Калжат айылында акция өткөргөндөн кийин кармалган. Дагы алты мүчөсү үй камагында отурат.

Акция маалында Шинжаңдагы мусулман элдерин куугунтуктоону токтотууну талап кылган митингчилер июль айында Кытайга барган жеринен кармалган казак жараны Алимнур Турганбайды бошотууну да талап кылышкан. Катышуучулар Кытайдын желектерин жана ал мамлекеттин жетекчиси Си Цзиньпиндин сүрөтүн өрттөшкөн.

Активисттер Кытайды мамлекет же улут катары сындабастан, ал өлкөнүн саясатын айыптаганын айтышат. Human Rights Watch баш болгон бир нече эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин "Нагыз Атажурт" кыймылына каршы кылмыш ишин токтотуп, кармалган активисттерди бошотууга үндөп келатышат.

IPHR жана Казакстандын адам укуткары жана мыйзамдуулук боюнча эл аралык бюросу активисттер Шинжаңдагы этникалык казактарды жана башка түрк азчылыгын колдогону үчүн куугунтукталып жатышат деп эсептешет.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus