Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Парламент төрагасына караштуу Жаштар кеңеши түзүлдү

Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында Жаштар кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин 26-февралдагы жыйынында демилгечи, депутат Табылды Муратбеков баяндама жасады. Ал Кыргызстанда жаштарга мамлекет жетиштүү көңүл бурбай жатканын, жаштар саясатын тейлеген Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде бул багытка жети кызматкер бөлүнгөнүн белгиледи.

Парламент төрагасынын алдында түзүлгөн кеңеш жаштардын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий турмушка активдүү катышуусуна көмөктөшөрү айтылды.

"Бир канча ишти айта турган болсок – жаш кадрлар мектеби. Өзбекстандык кесиптештерибиз менен сүйлөшүп калдым. Аларда жаштар парламенти жана анын алдында эки палаталуу мажлиске он миңдеген студенттин арасынан тандап, бардык депутатка бирден коомдук жардамчы кылып бекитип берет экен. Биз да өлкө боюнча сынак жүргүзүп, ар бириңиздерге бирден кеңешчи кылып бекитип берели деп жатабыз”, - деди кеңештин төрага орун басары, депутат Муратбеков.

Мындан тышкары ар тармак боюнча жаштар менен өзүнчө жыйындар өтүп, көйгөйлүү маселелер талкууланып турарын кошумчалады.

Мыйзам боюнча Кыргызстанда 14 жаштан 35ке чейинкилер жаш курак деп эсептелет. Калктын 35% жаштар түзөт.

Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында буга чейин төрт кеңеш – Бизнес кеңеш, Климат боюнча кеңеш, Аялдардын укугу боюнча кеңеш жана Миграциялык кеңеш түзүлгөн.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus