Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Гонконг соту медиамагнат Жимми Лайды 20 жылга эркинен ажыратты

Гонконгдун соту оппозициялык Apple Daily гезитинин негиздөөчүсү, медиамагнат Жимми Лайды 20 жылга эркинен ажыратты. Кытайды сындап жүргөн миллиардер «чет өлкөлүк күчтөр менен кутумга» барган жана «бузуку» материал чыгарган деп айыпталды. Лай дооматтарды четке какты.

Соттун пикиринде, Лай басылманын кызматкерлери, активисттер менен чет өлкөлүктөрдөн турган түйүн аркылуу АКШ тарабынан санкция салуу, блокада киргизүү жана башка «кас аракеттерди» сүрөгөн.

78 жаштагы медиамагнаттын адвокаттары соттун чечими алдын ала белгилүү болчу деп айтышат.

«Жасалма процесс аяктагандан кийин биз дүйнө лидерлерин Кытайдан Жимми Лайдын тезирээк Лондондогу үй-бүлөсүнө кайтып барышы үчүн анын бошотулушун талап кылууга үндөйбүз», - деп айтты адвокат Каоилфионн Галлахер. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

Миллиардер 2020-жылы улуттук коопсуздук тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин кармалган. Кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору бийликке каршы нааразылык толкунун жараткан.

АКШ, Британия жана укук коргоо уюмдары Лайдын ишинин саясий өңүтү бар экенин билдирип, аны бошотууну талап кылышкан.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму сот процессин мыйзам үстөмдүгүнө туура келбейт деп сындаган.

Ал эми Кытай бийлиги жана Гонконгдун администрациясы сот адилет өткөнүн, улуттук коопсуздук эркиндиктерден жогору турарын билдирип келет.

Лайдан тышкары дагы сегиз киши, арасында жабылып калган Apple Daily гезитинин мурдагы жогорку жетекчилери алты жылдан 10 жылга чейин кесилди.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus