Сыймык Жапыкеев өзү тууралуу чагымчыл маалыматтар тарап жатканын билдирди
Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы Сыймык Жапыкееев социалдык тармактарда өзү тууралуу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтар тарап жатканын билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына мурдагы партиялашы менен мушташканы тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды. Ошол эле маалда ага милициядан келип кетишкенин билдирди, бирок анын себебин тактаган жок.
“Урматтуу достор, интернет айдыңында мени провокация кылып , арзан ушак тараткандар көбөйдү. Мен үйдө тынч эле отурам. Эч кимге тийишкен жокмун, эч кимди сабаган эмесмин. Кечээ "милицияданбыз" деп формасы жок келишти. Экинчисинде эки формачан милиция кызматкери келди, аларга эшикти ачып сүйлөштүм. Мен азыр саясаты жок, тынч жатсам дагы жөн жаткырбай, жок жерден мага жалаа жапканды токтотпой коюшту”,-деп жазды Жапыкеев.
Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлери Жапыкеевге кандай себептер менен барганы тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Өткөн айда Убагында каржы полициясын жетектеп, мекеме жоюлгандан бери кызматсыз жүргөн, генерал наамын алган Жапыкеев журналист Эрнис Кыязовго кеңири маек курган.
Анда Октябрь окуяларындагы ролу, президент Садыр Жапаровдун бийлиги, аны менен мамилеси тууралуу бөлүшкөн. Бирок Жапыкеевдин жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу айткан сөзү кызуу талкуу жараткан.
Жапыкеевдин мамлекет башчысын саналуу гана адамдар тегеректеп алган деген сөзүнө президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жооп берип, анын айткандарын чеккен каккан.
Бул маектен кийин журналист Эрнис Кыязов Улуттук коопмуздук комитетине кирип чыкканы белгилүү болгон.