Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Данияр Амангелдиев кымбатчылыкты жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кымбатчылыкка негизинен импорттун үлүшүнүн көп болушу себеп экенин билдирди. Бул тууралуу 5-февралда Жогорку Кеңештеги “өкмөттүк саатта” депутат Алишер Козуевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ал азык-түлүктүн 70% сырттан импорттолорун, бул багытта өкмөт ички мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатканын түшүндүрдү.

“Тамчылатып сугаруу системасын киргизүү, айыл чарба техникаларын алууга лизинг киргизүү да ушул багытка байланыштуу. 2024-жылы кант кызылчасына байланыштуу маселе чыккан. Азыр Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда өндүрүүчүлөр үчүн насыя алууга жол ачып бердик. Бирок, негизинен маселе импорттолуучу инфляция боюнча болууда. Дүйнөлүк баалардын өсүшү таасир эткени менен, биздин айрым өндүрүүчүлөрдүн спекулянттык аракеттери бар. Бул багытта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Монополияга каршы күрөшүү агенттиги иш алып барат”, - деди Амангелдиев.

Министрлер кабинети инфляцияга байланыштуу жөнгө салуу иштерин жүргүзүп, бул багытта ар эки апта сайын жыйын өтүп жатканын кошумчалады.

Амангелдиев билдиргендей, былтыр жыл аягында инфляция өкмөттүн 7% чегинен ашып, 9,2% чыгып кеткен. Бул күйүүчү майлардын кымбатташына байланыштуу болуп, мунун алкагында мамлекет бир канча май ташуучу компанияга субсидия бергенин билдирди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2025-жылы азык-түлүк баасы өткөн жылдын декабрына салыштырганда 8,9% өскөн. Мекеменин мониторинги былтыр уй эти 15%, койдуку 18% жана жылкынын эти 22% кымбаттаганын көрсөткөн. Ал эми эттин бул үч түрүнүн баасынын соңку беш жылдык мезгилдеги өсүүсү 70-90% чейин жеткен.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus