Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Спикер Жогорку Кеңеш, аткаруу бийлигиндеги маселени президент менен талкуулаганын айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу аткаруу бийлиги менен депутаттардын ортосундагы маселе боюнча 4-февралда президент Садыр Жапаров менен сүйлөшкөнүн билдирди.

“Мен кечээ бул жерде айтылган сын-пикирлерден сөзсүз жыйынтык чыгат деп ойлойм. Эң башкысы, өлкөбүздө тынчтык, ынтымак-ырашкерлик болушу керек. Сөзсүз түрдө бийлик бутактары бири-бирибизди сыйлап, алдыга жыла беришибиз керек”, - деди төрага.

Ал парламент менен аткаруу бийлигинин ортосундагы көз караштардын келишпестиги “кадыресе көрүнүш” экенин кошумчалады.

Аткаруу бийлиги менен Жогорку Кеңештин ортосундагы маселе автомектептердин жана айдоочуларды окутуудагы өзгөрүүлөр боюнча талкуулардан улам жаралды.

28-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны учурунда бул демилгени депутаттар Жанарбек Акаев, Кубанычбек Конгантиев, Дастан Бекешев, Кундузбек Сулайманов, Болот Ибрагимов, Улукбек Карыбек уулу көтөрүп, Президенттин иш башкармалыгынын аракетин сынга алышкан.

3-февралда президент Садыр Жапаров айдоочуларды даярдоо боюнча жаңы өзгөртүүлөрдү сынга алган депутаттарды айыптап, “популизмден алыс болууга” чакырган.

Бир күндөн кийин парламент жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов менчик автомектептердин маселесин айткан депутаттардын аракети популизм эмес экенин айтып чыккан. Ал депутаттардын милдети эл үнүн бийликке жеткирүү экенин, айдоочуларды окутуудагы өзгөрүүлөргө нааразылык күч экенин белгилеген.

Сулаймановдон кийин парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сөздү улап, бийлик бутактарынын ортосунда “сый мамиле болушу керектигин, депутаттын сөзүн одоно сындоо аброй алып келбей турганын” айткан.

Президенттин иш башкармалыгы быйыл жыл башынан тартып Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүнүн, автомектептерде окуунун жаңы тартибин бекиткен. Ушул жылдан баштап жарандар мамлекеттик автомектептерде окуй турганын айткан.

Менчик автомектептердин жетекчилери 23-январдан тартып иши токтоп калганын, буга Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору бирдиктүү базаны жаап койгону себеп болгонун айтып чыгышкан.

Алар 27-январда аталган мамлекеттик мекемеге барып, түшүндүрмө талап кылган. Автомектеп ээлери алардын лицензиясын же база менен иштөө укугун сот гана токтото аларын айтышкан. Ошолордун ичинен менчик эки автомектептин ээсине Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгогону, бири эки айга камакка алынганы белгилүү болду.

Президент Садыр Жапаров 30-январдан тартып менчик автомектептердин лицензиясын токтоткон жарлыкка кол койгон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus