Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Еврошаркет Ислам революциясынын сакчылар корпусун "террордук уюм" деп таанууну макулдашты

Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Ислам революциясынын сакчылар корпусун "террордук уюм" деп таануу тууралуу макулдашты. Маалыматка караганда, мындай кадамга каршы болуп келген Франция 28-январда көз карашын өзгөрттү.

АКШ, Канада жана Австралия Ирандын куралдуу күчтөрүнүн бул аскердик-саясий тандалма кошуунун буга чейин эле «кара тизмеге» киргизген.

29-январда Европа биримдигинин башкы дипломаттары Тегеранга каршы жаңы санкцияларды бекитишти.

Дипломатиялык булактардын айтымында, санкцияларга 30 жеке адамдар менен компания, уюмдар илинди. Алардын ысымдары менен аталыштары жакында жарыяланмакчы.

Санкциялар Ислам жумуриятында өкмөткө каршы акцияларды басуу кан төгүү менен коштолуп, демонстранттар зомбулукка туш болгондон кийин күчөтүлүп жатат.

Укук коргоочу уюмдар курмандыктардын саны 6 миңден ашканын айтса, шаркеттин айрым министрлери каза тапкандар 30 миңден көп болушу мүмкүн деп билдиришти.

Чыныгы абалды жашыруу үчүн Тегеран 20 күндөн бери өлкөдө интернет байланышын бөгөттөп келатат.

Демонстрацияларды басуунун башында турган Ислам революциясынын сакчылар корпусу армияга эмес, жогорку лидер аятолла Али Хаменеиге түздөн-түз баш ийет. 1979-жылы аятолла Рухолла Хомейни тарабынан түптөлгөн кошуунга Ислам революциясын коргоо вазийпасы жүктөлгөн. Ошондон бери корпус кеңейип отуруп, өзүнүн жөө аскерлери, аскер-деңиз флоту, аба күчтөрү, чалгын бөлүгү жана күжүрмөн даярдыктагы аскерлери пайда болгон.

Катарына 180 миң аскер кирген кошуун Ирандын ички коопсуздугун камсыздоодо, чек араларды кайтарууда жана ракета чыгаруу программасында негизги ролду ойнойт.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus