Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Аба сапатын жакшыртуу аракеттери тууралуу маалымат берилди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу максатында түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын алкагында жүрүп жаткан иштер тууралуу 23-январда маалымат таратты. Ага ылайык, абадагы зыян заттарды азайтуу үчүн калктуу конуштарды газдаштыруу, бышпаган көмүрдү сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу, абаны булгаган автоунааларга айып пул салуу сыяктуу иштер жүргүзүлгөн.

Ошондой эле министрлик экологиялык көзөмөл иштерин такай жүргүзүп, натыйжада 2025-жылы абаны булгаганы үчүн автоунаа ээлерине 202 протокол түзүлүп, 3,7 млн сомдук айып пул салынган. Чарбалык жана ишкерлик объекттерди текшерүүдөн 450 протокол түзүлүп, 9,87 млн сомдук айып пул салынган.

2025-жылы мартта Министрлер кабинети абанын сапатын жакшыртуу максатында түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын курамын жаңырткан. Ага 25 министрлик жана мекемеден өкүлдөр, Жогорку Кеңештин депутаттары кирген.

Комиссия жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында конуштарды газдаштыруу үчүн элге 3-8% үстөгү менен 150 миң сомдон насыя берилип, Бишкекте 51 миң үй газга туташкан. Бул көмүр жагууну 100 миң тоннага кыскартары айтылган.

Бишкекте ыш азайып, аба тазарып калды деген пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин 22-январдагы сессиясында айтып чыкан. Бирок спикердин сөзү жарыяланган видео, баяндардын алдында аны сындаган, "Бишкекте ыш күчөп жатат" деген тариздеги комментарийлер көп жазылууда.
Дүйнө жүзүндөгү абанын сапатын изилдеген World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек ыш, түтүндөн улам абасы эң булганч шаарлардын сап башынан дээрлик түшө элек. 22-январь, кечки саат 19:00дөгү маалымат боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги кеңсесинин тегерегиндеги же башкалаанын чок ортосундагы жабдык индексти (AQI) 324 деп берди. 19-20-январда түнкүсүн бул көрсөткүч 700дөн ашып, ден соолукка өтө кооптуу деген чектен ашкан.

Бул көрсөткүч 50дөн ылдый болгондо гана аба таза, коопсуз деп эсептелет.

Индекс абанын сапатына жараша саат сайын жаңыланып турат. Кээде эртең менен бир аз тазарганы, түштөн кийин түтүн кайра каптаганы байкалат.
Соцтармактарда Бишкекте азыр ыш, түтүн үйдүн ичинен да сезилгендиктен терезелерди ачпай отурганын айткандар бар.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus