Молдогазиев АКШдагы элчи, Артыкбаев Монголиядагы элчи кызматтарынан бошотулду
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Айбек Артыкбаев өлкөнүн Монголиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлык президенттин сайтына 21-январда жарыяланды.
Ушул эле күнү президенттин дагы бир жарлыгынын негизинде Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматынан бошотулуп, Монголиядагы элчи болуп дайындалды.
50 жаштагы Айбек Артыкбаев Монголиядагы элчи кызматына 2023-жылдын июлунда дайындалган. Ага чейин тышкы иштер министрине орун басар болуп иштеген.
Ал эми Айбек Молдогазиев 52 жашта, Кыргызстандын Америкадагы элчилигин 2024-жылдын декабрынан тартып башкара баштаган. Ал да элчи кызматына дайындалганга чейин тышкы иштер министрине орун басар болгон.