Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргыз тили жөнүндө мыскыл видео чыгарган блогерлер милицияга жеткирилип, кечирим сурады

Социалдык тармактарда жарандар кыргыз тилин шылдыңдаган видеосу коомчулукта кеңири талкуу жараткан үч блогер – 35 жаштардагы Т.К., С.С. жана М.М. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИББ) Тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Блогерлер тил маселеси боюнча чырдашкан “Куликов” кондитер үйү менен блогер Айтилек Орозбековдун айланасындагы талкууга байланыштуу вайн тартып, социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыялашкан. Анда алар үчөө тең кыргыз тилине байланыштуу кер-какшык сөздөрүн айтып, күлкүгө алышкан.

Аталган факт Бишкек милициясынын Маалыматты каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иш-чаралары башталган.

Бишкек шаарынын ИИББдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, видеодо көрсөтүлгөн жарандардын өздүгүн аныкташкан.

Учурда алардын аракеттерине юридикалык баа берүү максатында тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери уланууда. Анын жыйынтыгына жараша тиешелүү чечим кабыл алынат. Милиция тараткан видеодо алар өз аракети үчүн коомчулуктан кечирим сурады.

Блогер Айтилек Орозбеков былтыр май айында Ютубдагы өз каналында видео жарыялап, "Куликов" кофеканаларынын бири жөнүндө видео жарыялаган. Ал кондитердик жай башка бир жаранды "кыргызча тейлебейбиз" деп чыгарып коюшканын айтып, андан соң телефон аркылуу компаниянын операторунан кыргыз тилинде тейлөөсүн талап кылган. Видеонун соңунда блогер "Куликов кофеканасына кыргыз тилин сыйлабагандыктан келбөөңүздөрдү өтүнөм" деп чакырган.

Бул окуядан кийин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Блогер былтыр 6-майда кармалып, кийин үй камагында болуп келген.

Иш тергелип бүтүп, былтыр июнь айында Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөн. "Куликов" ишканасы блогердин бөгөт чарасын өзгөртүп, аны камакка алуу өтүнүчүн келтирген. Кийинки отурум 4-февралган белгиленген.

Окуя январдын башында ачыкка чыгып, коомчулукта кеңири резонанс жараткан. Буга байланыштуу социалдык тармактардын колдонуучулары кондитердик компанияга бойкот жарыяласа, кээ бирлери, тескерисинче, бул ишканага колдоосун билдирип жатышты. Соңунда "Куликов" кондитердик үйү менен блогер Орозбеков элдешип, компания соттон арызын кайтарып алган. Бирок соттук териштирүү токтобой турганын, судья же актаган, же айыптаган өкүмүн жарыялашы керек болорун блогердин адвокаты билдирген. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus