Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Министр Кулубаев АКШ менен виза маселеси талкууланып жатканын билдирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) учурда АКШ өкмөтү менен визага күрөө талап кылынган жаңы жобо боюнча консультацияларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу министр Жээнбек Кулубаев 15-январда жыл жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынында билдирди.

Министр 15 миң доллар кыргызстандыктар үчүн көп сумма экенин белгилеп, бирок ошол эле учурда Кыргызстан АКШнын ички саясатына таасир эте албасын айтты.

"Бул чечим АКШ администрациясынын миграциялык саясатынын бир бөлүгү жана ал көптөгөн өлкөлөргө тиешелүү. Ошондуктан биз ага түздөн-түз таасир эте албайбыз, бул америкалык тараптын ички саясаты. Ушундай эле миграциялык саясатты биздин орусиялык өнөктөштөрүбүз да жүргүзүп жатышат, биз алар менен да сүйлөшүп жатабыз", - деди ал.

Кулубаев ошондой эле АКШ тарап менен сүйлөшүүлөр уланып, виза режимин жеңилдетүү боюнча консультациялар жүрүп жатканын айтты. Министр эң башкысы АКШ визасын алган кыргызстандык жарандар ал өлкөнүн бардык талаптарын аткарып, документтерди так толтуруп, ал жактан мөөнөтүнөн кечикпей чыгып кетүүсү зарыл болуп турганын баса белгиледи.

"Көп көйгөйлөр айрым жаштар АКШда мыйзамсыз кала берип жаткандыгынан улам чыгууда. Биз өзүбүздүн тийиштүү мекемелер менен бул жаатта иш алып барып жатабыз", - деди Кулубаев.

6-январда Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесине Кыргызстанды кошкону маалым болгон.

Мамдепартаменттин сайтында белгиленгендей, тизмедеги мамлекеттердин жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болот. Күрөөнүн көлөмүн маектин жүрүшүндө консул аныктайт.

Бул эреже 21-январда күчүнө кирери маалымдалган. 21-январдан тартып иштей турган дагы бир эреже тууралуу 14-январда маалым болду. Ага ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаменти 75 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотот. 75 өлкөнүн арасында Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия, Грузия, Молдова, Сомали, Ооганстан, Иран, Египет, Ирак жана башкалар бар.

АКШнын консулдук кызматкерлерине ошол мамлекеттердин жарандарына виза берүүдөн баш тартуу буйругу берилгени кабарланган. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus