Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Газада Израилдин дрон соккусунан төрт адамдын өмүрү кыйылды

Израилдин дрон чабуулунан 12-январда Газанын борбордук бөлүгүндөгү Мораг коридоруна жакын жерде ок атышпоо сызыгынан өтүп кеткен үч палестиналык каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү ооруканалардын өкүлдөрү билдиришти.

Израилдин армиясы билдиргендей, ал үч адам аскерлерге жакындап, "коркунуч жараткан". Аскерлердин айтымында, кийин алардын жанынан курал-жарак жана чалгындоо жабдуулары табылган. Чабуул Газада башкарууну көзөмөлдөй турган "Тынчтык кеңеши" (Board of Peace) ушул аптада жарыяланат деп күтүлүп жаткан маалда жасалды.

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган) уюму Вашингтон ортомчулук кылган тынчтык планына ылайык, жаңы комитет ишке киришкенден кийин Газадагы учурдагы өкмөтүн таратарын билдирген.

Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Израил менен ХАМАС өткөн жылдын октябрында эки жылга созулган согушту токтотуу боюнча макулдашкандан бери 440тан ашуун адам набыт болгон. Андан бери тараптар бири-бирин ок атышпоо режимин бузду деп айыптап келишет.

Израил армиясы Газадагы аймактын жарымынан көбүн камтыган буфердик зонаны көзөмөлдөп турат, ал эми калган бөлүгүндө ХАМАС башында турган кыймылдар таасирин сактап келет.

"Ассошиейтед пресс" агенттиги расмий булактарга таянып жазганына караганда, жакынкы күндөрү Американын президенти Дональд Трамп "Тынчтык кеңешине" кимдер дайындалаарын жарыялайт.

Трамп сунуштаган планга ылайык, Тынчтык кеңеши жаңы палестиналык өкмөттүн ишин көзөмөлдөп, ХАМАСты куралсыздандырууну, эл аралык коопсуздук күчтөрүн жайгаштырууну, израилдик аскерлерди чыгарып кетүүнү жана калыбына келтирүү иштерин тескемек.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus